Колу туткак, кожоюнун коргобойт, кичинекей балдар менен жакшы мамиле түзө алышат. Хаски породасындагы иттин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматыңыз барбы?

Породасы: Хаски

Пайда болгон жери; Орусиянын Сибирь аймагы

Пайда болгон мезгили: 17-18 кылымда (1934-жылы)

Салмагы: Хаскинин эркеги 20-28 килограмм, ал эми ургаачысы 15-23 килограммга чейин болот.

Бою: Эркеги 53-60 сантиметр, ургаачысы 50-56 сантиметр

Жашоосунун узактыгы: 12-15 жыл

Иттин бул породасына көп берилүүчү аттар: Локи, Лаки, Спейс, Туман, Снежок, Норд, Умка, Макс, Дик, Айсберг, Хонда, Хилон жана башка.

Иттин бул породасы активдүү келет. Алар күндүн көп бөлүгүн кыймылда өткөрүшөт. Аны күн сайын узак убакытка чейин сейилдөөгө алып чыгып туруу керек. Өзгөчө чуркаганды жакшы көрүшөт. Эгер иттин бул породасын өз камкордугуңузга алууну кааласаңыз, анда чуркоону жана таза абада сейилдөөнү сиз да адатка айлантышыңыз керек.

Хаски бир гана физикалык кыймыл-аракеттин эмес, акыл-эстик көнүгүүлөрдүн да сүйүүчүсү. Аны күн сайын бир эле маршруттук жол менен сейилдөөгө алып чыкпастан, ар күнү ар башка жол менен сейилдетүү, жаңы жерлерди көрсөтүү, өзгөчө оюндар, көнүгүүлөр менен алек кылуу керек. Мындай көнүгүүлөр аларга аябай жагат, алар көп нерсени тез кабыл алууга жөндөмдүү келишет.

Эгерде сизди коргой турган ит керек болсо, анда иттин бул породасынан баш тартыңыз. Себеби хаскиде адамга карата агрессия жок, ошондой эле кожоюнун коргоо инстинкти жокко эсе. Аны кожоюнун коргоого үйрөтүү да натыйжа бербейт, тескерисинче бул анын психикасына терс таасир берип, кооптуу жыйынтыкка алып келиши мүмкүн. Ал эми анда мергенчилик инстинкти күчтүү болгону менен сизге пайдасы жок. Себеби ал мергенчилик кылганда деле өзүнө гана олжо табат.

Хаски итинин дагы бир өзгөчөлүгү алар кичинекей балдар менен жакшы мамиле түзө алышат. Иттин бул породасын таанымал кылган эскимостордо бала төрөлөр замат хаски иттеринин үйүрүн ымыркайды жылытуу үчүн үйгө киргизген салт бар болгон. Бирок эске алчу жагдай, жаш баланы аны менен жалгыз сейилдөөгө чыгарууга болбойт. Себеби хаски күчтүү ит болгондуктан, колунан булкунуп чыгып кетсе, бала жыгылып жаракат алышы мүмкүн.

Хаски өз алдынча кыймыл-аракетте болгонду жактыргандыктан, аны бир нерсеге үйрөтүү өтө эле оор. Сиздин эмнени үйрөтүүгө аракет кылып жатканыңызды жакшы түшүнүп, бирок аны аткарбайт. Качан гана өзү каалаганда аткарышы мүмкүн. Башкача айтканда, хаски өтө эле кежир ит. Бул итти камкордукка алуу, аны айрым бир көнүгүүлөргө же башка бир нерселерге үйрөтүү үчүн эрки күчтүү кожоюн керек болот.

Хаскини физикалык жаза берип тарбиялоого болбойт. Анын мүнөзүнүн өзгөчөлүгүнөн улам ага жаза берип, уруп-согуу эч таасир бербейт жана андан натыйжа да чыкпайт. Иттин бул түрү абдан эмоционалдуу жана таарынчаак келишет. Ага физикалык жаза колдонсоңуз, ал таарынып бир канча убакытка чейин бурчка отуруп алат. Аны тарбиялоодо мактап, сылап, таттуулардан берип эркелетип туруу керек.

Хаски амалдуу келет. Ал таттуу алуу үчүн өзүнө көңүл бурдурууну жакшы билет. Ачка болгон байкуш иттин образын көрсөтүп, ашыкча таттууларды ала алат.

Хаскинин колу туткак болот. Эгер ага жакшы көңүл буруп, тамак бербесе курсагы ачканда стол үстүндөгү азыктарды оңой эле уурдап кетет. Эт болобу, таттуу токочпу, балким, банан болобу айырмасы жок, кандай уурдап кеткенин сиз деле байкабай каласыз.

Мурун хаскини кышында чанага байлаган убакта гана тамак берип, калган убакта алар тамакты өзү издеп табышчу. Мындан улам аларда "олжону өзү табышы керек" деген нерсе калыптанып калган. Мындан улам жолдо баратып мышык, тоок же коён көрүп калса, аны кууп барып олжо кылууга аракет кылышы мүмкүн. Эгерде ал үйдө мышык менен бирге жашаса, анда аны олжо кылуу коркунучу жаралбайт.

Хаскинин жаман бир адаты бар. Ал кандай адат десеңиз, иттин бул породасы таштандынын сүйүүчүсү. Ал таштандыны кыя өтө албайт, ал жактан ар кандай таштандыларды үйгө алып келип, ар кайсы бурчтарга катып коёт. Буга карата чара көрүү татаал, себеби бул адат анын инстинктинде табиятынан бар.

Бул ит башка иттерге окшоп үрбөйт. Карышкырлар тукумунан пайда болгондуктанбы, айтор, алар кубанычта болобу же капалуу болобу ар дайым кудум карышкырдай эле улуйт.

Сибирь хаскиси башка иттерге салыштырмалуу таза. Андан шилекей деле акпайт, ал эми териси менен жүнүндө жыты жок болот. Бирок хаски багып алууну кааласаңыз, анда жакшы чаң соргуч сатып алыңыз. Себеби бул ит өтө эле жүндүү келет.

Бир жашы өткөөл курак болуп саналат. Бул аралыкта алар оозуна келгендин баарын кемирип, тиштеп турган убагы болот. Бул учурда ага атайын тиштеп, кемире турган оюнчуктарды алып берүү керек. Болбосо бут кийимдер же башка буюмдарды кемирип салат. Күчүгү да оюн учурунда адамдын колун катуу тиштеп салышы мүмкүн. Ал тиштеген сайын оюнду токтотуп, тарбиялоого мүмкүн.

Хаски породасындагы ит ысык аба ырайына чыдамы жок келет. Ошондуктан жайдын күнү аны сейилдөөгө алып чыгууда кечки убакытты тандаган туура. Ошондой эле анын жүнүн кыркууга болбойт, себеби анын жүнү ысыктан жана нымдуулуктан коргоп турат.

Бул ит эркиндикти жакшы көрөт. Ал өтө акылдуу жана жөндөмдүү болгондуктан, эшикти өз алдынча ачып, жер казып качып кете алат. Тосмодон ашып өтүп, терезенин айнегин сындырып секирип кеткен учурлары көп кездешет.

Эгер хаски породасындагы ит багып алууну кааласаңыз, анда аны башынан тарбиялап, өзүңүзгө көндүрүп алуу керек. Жалпысынан айтканда, бул ит өтө акылдуу жана жөндөмдүү, аны тарбиялоо үчүн туура ыкма тандап алуу маанилүү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ali-han
2021-05-22 00:42:11
Биздин эле кыргыз иттерге жетпейт)))
+4
jaskaaa
2021-05-22 10:53:40
Хаскини аябай жакшы кором суйкумдуу ит
0
Belek1710
2021-06-09 21:14:18
Хаски тууралуу ай сайын чыгарып атасыңарбы?
+2
Aibek_eka
2021-06-09 21:47:19
Ит болбойт экенго бул
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан