Бир нече банктар Кыргыз-Тажик чек арасында жашагандардын насыясын жойду

Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун чек ара аймактарынын жашоочуларына “Компаньон” банкы 2 миллион сомдук гуманитардык жардам көрсөттү.
Ошону менен катар 17 жарандын насыясын кечип, 3 жарандын насыясынын пайызын төмөндөттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.


Ошондой эле банк тарабынан 1 турак үйү күйгөн жаранга 25 миң сом материалдык жардам берилген.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, буга чейин Баткен облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн банкттардын өкүлдөрү менен жолугуп, чек арадагы окуяда жабыркаган жарандардын насыяларын кечүү же жеңилдиктерди берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кароону тапшырган.

Натыйжада “Мөл-Булак”, “Компаньон”, “РСК”, “Бай-Түшүм” банктары чек арадагы окуяда жабыркап, кыйынчылыкка дуушар болгон кардарларынын насыясын кечүү чечимин кабыл алган.

Облус элинин башына түшкөн оор кырдаалда кабыл алган чечимдери үчүн аты аталган банктардын жамаатына, ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев, өзүнүн жана Баткен элинин атынан ыраазычылыгын билдирген.

Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуяда жабыркаган жарандардын ичинен 8 жаран “РСК” банкынын Баткен филиалынан насыя алган. Анын ичинен каза болгон бир аскер кызматкеринин насыясы кечилди. Ал эми жараат алган 7 аскер кызматкерлеринин насыясынын пайызы 6 айга токтотулду.
Ошондой эле “РСК” банкы тарабынан Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын эсебине 2 миллион 284 миң 700 сом которулган.

Аталган банк бүгүнкү күндө район борборунан алыс жайгашкан чек ара айылында жашаган элдин муктаждыгын жеринде чечүү максатында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө көчмө калкты тейлөө борборун ачып, 6-майдан тарта кызмат көрсөтүүдө.
Ошондой эле “РСК” банкы чек ара аймактарын колдоо максатында Баткен облусунун Көк-Таш, Максат, Ак-Сай айыл эли үчүн 10 миллион сом каражат бөлүп, жеңилдетилген насыя берүү чечимин кабыл алды. Насыя 12 пайыз менен 3 жылдык мөөнөткө, 6 ай танаписи менен жеңилдетилген тартипте, комиссиясыз, күрөөсүз берилет.

“Бай түшүм” банкы чек арадагы орун алган акыркы окуяда каза болгон 2 жарандын жана турак жайы өрттөлгөн 7 жарандын насыясын жоюу чечимин кабыл алган.
Аны менен катар аталган банктын жамааты чек ара аймактарында жабыркаган жарандарга 100 миң сомдон ашуун материалдык жардам көрсөткөнү маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Boru-89
2021-05-21 20:25:50
Болот экенго мына,эн соонун кабар.Ийгиликтер кооп болсун.
0
Alixan-Nookat.2015
2021-05-22 11:45:53
Абдикарим Алимбаев буюрса дагы Баткен эли үчүн жакшы иштерди жасайт.
+1
Asmat84
2021-05-22 12:10:29
Ушул кретидтик компаниялар элдин канын ичүүдө
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан