Авторго эмес, аткаруучуга атактуулук алып келген "Окуучу кыз" ырынын баяны

"Окуучу, окуучу кыз, ойлоп сизди жүрөк тыз. Макул дечи жок дебей, бир болсунчу сырыбыз" деген саптарды камтыган "Окуучу кыз" ыры 2006-жылы чыгып, ошол жылы ырчы Ирлан Таалайбековго популярдуулук алып келген. Окуучулардын гимнине айланган ырдын тарыхына кызыгып көрдүк.

Алгач ырдын автору куудул, ырчы Жакут Сыдыковго байланышып, ырдын жаралуу тарыхы тууралуу маалымат алдык.

"Мен айылда жүргөн кезде эле ырларым популярдуу боло берчү. Ошондо азыркыдай шарт болгондо бир топ эле дүң болмок. Ырларымды биринчи ырчы Бактияр Токторов агабыз касетага жаздырып берген, ал эми "Окуучу кыз" ырым айылдаш эле кызга арналган. Адашпасам 99-жылдары жазгам. Аны ырчы Мелис Абдрашитовго бергем, ал 100 долларга жаздырып, даярдап койгондо эле Ирлан Таалайбеков ырдап чыгып калыптыр. Алар касетадан укса керек. Мелис менин жээним болот, көпкө чейин капа болуп жүрдү. Кийин Ирландан Мелистин акчасын төлөп бергиле деп алып бергем. Ал учурда 100 доллар чоң акча болчу. "Окуучу кыз" ырым мени элге жаман дагы көрсөткөн" десем да болот", - дейт Сыдыков.

Ыр Ирлан Таалайбековдун колуна кантип тийип, аткарып калгандыгы тууралуу дагы билдик.

"Бул ырды мага ырчы Мирбек Иманбеков сунуштап калды. Ал гитара менен өзү ырдап жүрчү экен. Автору ким экенин деле ал учурда билчү эмеспиз. Ошол кездеги продюсерим менен кеңешип, ырды жаздырдык. Чынын айтканда, популярдуу болуп кетет деп такыр ойлогон эмеспиз. Бир күнү эле Хит-Параддан берилип, анан эле куудул агабыз Жакут Сыдыков ырдын автору экенин айтты.
Ага чейин Жакут байке менен тааныш болчубуз, "макул ырдай бер" деп уруксат берди, ошо менен ырдап калып, элге атымды тааныткан ыр болду. Жакут Сыдыковго 100 доллар бергенбиз
", - дейт Таалайбеков.

"Окуучу кыз" ырын угуу үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан