SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев болду.
Ал "Баткен облусунда контрабандалык жүктөрдүн ташылып жатканына кыргыз аткаминерлеринин тиешеси бар деген сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?" деген суроого жооп берди.
"Контрабанда боюнча айтылып жаткан сөздөрдүн баары чын. Өзүңөр ойлоп көрсөңөр, эң жакыр облус - бул Баткен облусу. Жадакалса таза суу маселелеринде тартыштык бар. Жөнөкөй эле түтүк чыгара турган заводду ал жакка эч ким курган жок. Бирок шайлоого келгенде депутаттыкка аттангандар миллиарддаган сомдорду коротуп жатышпайбы. Бул эмнени билдирет? Бул деген бүт баары контрабанда менен байыды дегенди түшүндүрөт.
Баары "шоопурдан" башталган. Андан ары чоң кызматтагылардын өкүл баласы, күйөө баласы болуп уланып кеткен. Алардын Баткенде 1 дагы фирмасы жок. Баары Бишкекте, сайттары, телевидениелери бар. Алар Баткенди жөн гана колдонуп келишкен жана контрабанданы ошол бойдон кармап тургусу келет", - деди Суваналиев.