Кыргыз өлкөсүнө учуп келген тажик жарандары артка кайтарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Манас эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-май күнү саат 23:11де Манас аэропортуна "Сомон Эйр" тажик авиакомпаниясынын чартердик каттамы келип конгон. Аталган учактын бортунда 186 жүргүнчү болгон, анын ичинен 9 жаран башка мамлекеттин жарандары. Ал эми 177 жүргүнчүсү Тажикстандын жарандары.
"Тажикстандын жарандары үчүн Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирүүгө убактылуу чектөө киргенине байланыштуу чек ара кызматы аларды кабыл алуудан баш тартты. Ал эми башка өлкөнүн 9 жараны каттоодон өтүп Бишкек шаарында калышты.Тажикстандын учагы жүргүнчүлөрү менен 26-майда саат 03:17де Дүйшөмбү шаарына артка жиберилди", - деп билдиришти аталган аэропорттон.
Эске салсак, буга чейин 21-майда Кыргыз өлкөсү Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапканы кабарланган.