"Баасы 340 миң сомдон ашык". Баткенде контрабандалык жүктөргө бөгөт коюлду

Баткен облусунун аймагында 25-26-май күндөрү мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жаткан жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-майда чек ара кызматкерлери шек санаткан жүк ташуучу унааны токтотуп текшерүүгө алышкан. Анын жыйынтыгында 33 жаштагы Кыргыз жараны тийиштүү документтери жок тиричилик буюмдарын алып өтүп бара жатканы аныкталган.

"Ошондой эле бүгүн, 26-майда Кадамжай районунун аймагынан эки жүк ташуучу унааны кармашкан. Анда 4 Кыргыз жараны Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз түрдө товар алып бара жатышканы белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча жогорудагы бөгөт коюлган контрабандалык жүктөрдүн баасы 340 миң сомдон ашык сумманы түзгөн.

Тиешелүү протоколдор толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана товарлар тергөө иштери үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
IOA
2021-05-26 12:42:58
Намысы жоктор ачка калсанарда душман менен мамиле кылбагыла
+3
Aibek_eka
2021-05-26 14:11:17
Ар намыс барбы Кыргызым бул эмне кылганынар?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан