SUPER.KG порталы июнь айында баштала турчу футбол боюнча Европа чемпиондугуна катыша турчу 24 өлкөнүн фаворит командалары менен тааныштырууну улантат. Бул ирет "Евро-2016" турниринде чемпион аталган Португалия курамасынан "Евро-2020" турнирине кайсы футболчулар катышарын карап көрөлү.
Башкы машыктыруучу Фернанду Сантуш улуттук курамга 26 оюнчуну чакырган. Алардын арасында Португалиянын алдыңкы футболчулары, тагыраагы Криштиану Роналду, Бруну Фернандеш, Рубен Диас, Бернарду Силва бар.
"Евро-2020" турнирине катыша турган Португалия курамасынын тизмеси: Дарбазачылар: Антони Лопеш ("Лион"), Руй Патрисиу ("Вулверхэмптон"), Руй Силва ("Гранада");
Коргоочулар: Жоау Канселу ("Манчестер Сити"), Нелсон Семеду ("Вулверхэмптон"), Жозе Фонте ("Лилль"), Пепе ("Порту"), Рубен Диаш ("Манчестер Сити"), Нуну Мендеш ("Спортинг"), Рафаэл Геррейру ("Боруссия Дортмунд");
Жарым коргоочулар: Данилу Перейра ("ПСЖ"), Жоау Пальинья ("Спортинг"), Рубен Невеш ("Вулверхэмптон"), Бруну Фернандеш ("Манчестер Юнайтед"), Жоау Моутинью ("Вулверхэмптон"), Ренату Санчеш ("Лилль"), Сержиу Оливейра ("Порту"), Вильям Карвалью ("Бетис");
Чабуулчулар: Педру Гонсалвеш ("Спортинг"), Андре Силва ("Айнтрахт Франкфурт"), Бернарду Силва ("Манчестер Сити"), Криштиану Роналду ("Ювентус"), Диогу Жота ("Ливерпуль"), Гонсалу Гедеш ("Валенсия"), Жоау Феликс ("Атлетико"), Рафа Силва ("Бенфика").
Португалия курамасы Франция, Германия жана Венгрия менен чогуу "F" тайпасында жайгашкан.