SUPER.KG порталы июнь айында өтө турган футбол боюнча Европа чемпиондугуна катыша турган 24 команданын фаворит командаларынын курамы менен тааныштырууну улантат. Бул ирет турнирде дагы бир фаворит делген Англия курамасынан кайсы футболчулар "Евро-2020" турнирине катышарын карап көрдүк.
Дарбазачылар: Дин Хендерсон («Манчестер Юнайтед»), Сэм Жонстоун («Вест Бромвич»), Жордан Пикфорд («Эвертон»);
Коргоочулар: Трент Александер-Арнольд («Ливерпуль»), Бен Чилуэлл, Рис Жеймс (экөө тең «Челси»), Конор Коуди («Вулверхэмптон»), Гарри Магуайр, Люк Шоу (экөө тең «Манчестер Юнайтед»), Тайрон Мингз («Астон Вилла»), Жон Стоунз, Кайл Уокер (экөө тең «Манчестер Сити»), Киран Триппьер («Атлетико Мадрид»);
Жарым коргоочулар: Жуд Беллингхэм («Боруссия» Дортмунд), Жордан Хендерсон («Ливерпуль»), Деклан Райс («Вест Хэм»), Мейсон Маунт («Челси»), Калвин Филлипс («Лидс»);
Чабуулчулар: Доминик Калверт-Льюин («Эвертон»), Рахим Стерлинг, Фил Фоден (экөө тең «Манчестер Сити»), Жек Грилиш («Астон Вилла»), Маркус Рэшфорд («Манчестер Юнайтед»), Гарри Кейн («Тоттенхэм»), Бакари Сака («Арсенал»), Жейдон Санчо («Боруссия Дортмунд»).
Англия курамасы "Евро-2020" турниринде Чехия, Хорватия жана Шотландия менен "D" тайпасында ойнойт.