Футбол: "Ак шумкарлар" калган оюндарды дагы дарбазачысы жок ойношу мүмкүн

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япониянын Осака шаарында жүргөн Кыргыз улуттук курама командасы калган эки оюнду дагы дарбазачысы жок өткөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун билдиришти.

"Талаа оюнчулары Валерий Кичин, Бекжан Сагынбаев, Аваз Откеев, дарбазачылар - Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токатаев, машыктыруучу штаб, администрация вирус жугузуу күмөнү бар деп "сары" тизмеге киргендиги үчүн оюндан четтетилиши мүмкүн. Бирок аталган оюнчулардын биринде да тест оң жыйынтыкты көрсөткөн жок. Группанын оюндарын кабыл алып жаткан тарап так жоопту бере элек.

Өз учурунда Кыргыз футболдук союзунун жетекчилиги жогорку органдарга - уюштуруучу комитет, Кыргыз өлкөсүнүн Япониядагы өкүлчүлүгүнө бул жагдай боюнча кат менен кайрылды. Азырынча бул уюмдардан да так жооп келе элек", - деп жазылат билдирүүдө.

7-июнда өткөн Монголия курамасына каршы оюнда "Ак шумкарлардын" дарбазасын коргоочу Айзар Акматов тоскон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Asmat84
2021-06-09 09:58:23
Командабыз толук эмес деп ойнобой эле коюшпайбы
-1
Dembele84
2021-06-09 10:13:51
Жудомуш эле болуп буттук го.Ушундай чон маанилуу оюндар болуп жатса,вратары жок кантип ойнойсунар ыя?Жаштардан болсо да кошумча алып барыш керек эле титиребей.Ойнобой эле койгула отказ берип,чем монголдордон женилгендей позор болуп журбой!
0
Rakyl12
2021-06-09 10:43:35
Кембагалды тоонун устундо ит кабат.
+1
Ali-han
2021-06-09 10:52:48
Жок дегенде бир варатарды бергиле дегиле маскачан ойной берет))
-1
patriot.kg94
2021-06-09 11:32:39
Бир дарбазачыны берип койсун ага эч ким жакындабай ойносо жукпайт дешпейби 1,5 аралыкты сактап ))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан