реклама
super.kg logo

Саясий серепчи Марат Казакпаев абакта психологиялык кысым жасалып жатканын айтты

 

УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан саясий серепчи Марат Казакпаев ага психологиялык жактан кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган институттун кызматкерлери 31-май күнү мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып жаткан Казакпаевге барып келишкен. Шектүү кан басымы көтөрүлүп, бөйрөк кемтиги менен жабыркап жатканын айткан.

"Казакпаев ушул күнгө чейин анын ишин карап жаткан тергөөчүнүн аты-жөнүн билбей тургандагын белгиледи. Ошол эле учурда ага УКМК кызматкерлери тарабынан психологиялык басым жасалып, жактоочу Икрамидин Айткуловдун кызматын колдонуудан баш тартуу менен тергөөчү сунуштаган юрист менен иштешүү таңууланып жатканын айтты. Эгер буга макул болбой турган болсо №1 тергөө абагына которуп, ага кысым көрсөтө турган кылмышкерлер менен бир камерага отургузуп коюшарын айтышканын билдирди", - деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.

Казакпаев мамлекеттик кызматкер болбогондуктан сырдуу документтерге ээ боло албай турганын белгилеген. Бирок буга карабастан УКМКнын кызматкерлери башка мамлекеттик кызматкерге карата көрсөтмө берүүнү талап кылып жатканын айткан.

Саясат таануучу өзүнүн камалышын жана кыйноону өзүнө карата туруктуу жана күчтүү психологиялык кысым түрүндө болуп жатканын буга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы маселе боюнча айткан пикири менен байланыштырып жатат. Ал Акыйкатчынын өкүлдөрүнө кайрылып, коомчулукка бул маалыматты жеткирип жана анын укугун коргоп берүүнү суранган.
Эске салсак, 13-апрелде УКМК тарабынан мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар деген далилдердин негизинде 2 жаран кармалган. Кийин кармалган жарандын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экени белгилүү болуп, ал 14-июнга чейин камакка алынган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.06.2021. 16:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
30-11-2011
Соӊку аракети:
20-06-2021 12:15
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал жерде эмне сени бополоп бапестеш керек беле? Эми башталат.Баары алдыда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170623;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: