Улукбек Марипов: "Мамлекеттик ипотекалык компания "ортомчулук" кылуудан четтеп, уюмдун иш принцибин толугу менен өзгөртүүгө тийиш"

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Менин үйүм 2021-2026" жаңы турак-жай программасын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, ипотекалык компаниянын маанилүү милдети катары республикадагы жарандардын көпчүлүк бөлүгүн жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо болуп саналат.

"Сунушталган программага ылайык, пайыздык босого 4 пайызга чейин кыскартылат, алгачкы төлөм талабы алып салынган. Мунун бардыгы жакшы шарт. Бирок программаны кабыл алуу алдында бардык тобокелдиктерди карап чыгып, негизгиси – каржылоо булактарын аныктоо зарыл», - деп белгиледи Улукбек Марипов.
«Мамлекет тараптан жеңилдетилген турак-жай менен камсыздоо – социалдык жактан маанилүү программа. Бирок ипотекалык компания бул милдеттерди өзүнө алып жаткан соң бул милдеттер качан жана кантип ишке ашырыла тургандыгын көрсөтүү керек”, - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Өз кезегинде Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жетекчиси Аида Төлөгөнова билдиргендей, турак-жайды ижарага алуу менен кийинчерээк сатып алуу механизмин өнүктүрүү боюнча иш жүрүүдө, баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу мамлекеттик ипотекалык турак-жайды насыялоо тармагына каражаттар тартылууда, ошондой эле мамлекеттик ипотекалык турак-жайды насыялоо тармагына инвестицияларды тартуу боюнча иштер аткарылууда.

"Мамлекеттик ипотекалык компания "ортомчулук" кылуудан кетип, уюмдун ишинин принцибин толугу менен өзгөртүүсү зарыл. Негизги максат –жарандар иш жүзүндө жеткиликтүү турак-жайды алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек", - деди Улукбек Марипов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан