Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 351 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 207 бейтап сакайды. Калгандары башка аймактардан катталды:
Ош шаары – 23
Чүй облусу – 61
Ош облусу – 13
Талас облусу – 2
Нарын облусу – 5
Ысык-Көл облусу – 25
Жалал-Абад облусу – 11
Баткен облусу – 4
Жалпы айыккандардын саны 101 миң 715 бейтапты түздү.