реклама
super.kg logo

Ошто июнь окуясында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлдү

 
Ош шаарында июнь окуясына каза болгондордун жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, июнь окуясында каза болгондордун жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардамды вице-мэр Эмиль Шадыханов тапшырды.
"Иш-чарага 6 коомдук бирикме катышты:
"Түштүк коогалаңынын шейиттеринин Өчпөс от" коомдук бирикмеси;
"Шейиттер биримдиги" коомдук бирикмеси;
"Бирдиктүү эл" коомдук бирикмеси;
"Ош окуясынын дайынсыздары" коомдук бирикмеси;
"Ош окуясында дайынсыз балдардын энелери" коомдук бирикмеси;
"Өчпөсүн коломто" коомдук бирикмеси.
Эске салсак, 2010-жылдын июнь айында болгон каргашалуу окуяларга он бир жыл толду. 2010-жылы кечки саат 10дор чамасында Ош шаарынын "Алай" мейманканасынын жанында жаңжал чыккан. Ага чейин белги катары мечиттерден, үн чыгаруучу аппарат аркылуу азан айтылып, салют атылган. Андан соң белгисиз адамдардын тобу имараттарды, үйлөрдү талкалап, туш келген адамдарга кол сала башташкан.
Расмий эмес маалыматтар боюнча жаңжал чыккан күнү 800дөй адам каза болгону айтылат. 2010-жылы 14-июнда көз карандысыз ЖМКлар 2000ден ашуун адамдын набыт болгонун жазып чыгышкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170623;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: