Садыр Жапаров капсула салып кеткен бойдон курулушу токтоп турган аскердик шаарча боюнча Коргоо министрлигинин жообу

Баткен облусунун Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушу кечеңдеп жатканы боюнча Коргоо министрлигинен комментарий беришти.

Маалыматка ылайык, 9-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов даярдоо иш-чараларын аяктоо жана кыска аралыктын ичинде объектинин курулушун баштоо тапшырмасын берген.

"Бүгүнкү күндө аскердик шаарчанын курулушунун алдындагы жер тилкесин трансформациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү жана укуктук тартипке келтирилген документтери алынды. Инженердик-геологиялык изилдөөлөр, топографиялык съёмкалар жыйынтыкталды. Ошондой эле архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттары кабыл алынды.

Долбоордук-сметалык документтери даярдалууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, азыркы учурда генералдык подрядчикти (аткаруучуну) аныктоо иштери жүрүп жатат. Ошол себептүү курулуш иштери активдүү жүрбөй турат", - деп айтылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусунун Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушунун пайдубалына капсула салган шаарчанын курулушу дагы деле толук кандуу баштала электиги социалдык тармакта талкуу жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rafo80
2021-06-11 19:09:53
Ошонун баарын даярдап туруп анан фундаментке капсула салат го.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан