"Евро-2020" чемпиондугунун биринчи турунда Италия менен Түркия курама командалары беттешти.
Оюндун 53-мүнөтүндө Түркия курама командасынын коргоочусу Мерих Демирал автогол киргизип алса, 66чы жана 79чу мүнөттө италиялыктар атаандашынын дарбазасына топ киргизди. Мелдеш 3:0 эсебинде Италиянын жеңиши менен жыйынтыкталды.
Эске салсак, А тайпасында Италия жана Түркиядан тышкары Уэльс жана Швейцариянын курама командалары оюн көрсөтүшөт.
11-июнда Италиянын Рим шаарында футбол боюнча Европа чемпиондугу ("Евро-2020") старт алды.
"Евро-2020" 11-июндан 11-июлга чейин Европанын 11 шаарында өтөт. Чемпиондук наам үчүн Европанын мыкты делинген 24 командасы ат салышууда. Алар 6 тайпага бөлүнгөн. Турнирдин биринчи күнүндө Түркия - Италия беттеши 72 миңден ашуун көрүүчү бата турган "Олимпико" стадионунда орун алды.