Ош облусунун Кара-Суу районунда мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан майнинг-ферманын ишине УКМК тарабынан бөгөт коюлду. Мекеменин маалымат кызматынан кабарлашкандай, электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-ферманын (криптовалюта өндүрүшүнүн) мыйзамсыз иштери аныкталды.
"Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кара-Суу районунун Кожокелен айылынан майнинг-ферманын ишмердүүлүгү аныкталды. Бул факты 209-берененин 3-бөлүмү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кылмыш иштин алкагында майнинг иштерин уюштуруу үчүн 650гө жакын жабдуулар табылып алынды.
Азыркы учурда мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылып, тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти мекемеден.