15-июнга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашып, жекшемби күнгө карата аба ырайы менен тааныштырды.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +16...+21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +18...+23;
Талас облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +24...+29;
Чүй облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +28...+33;
Бишкек шаарында өткүн өтүп, абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, күндүз +29...+31 градус болот.