Бүгүн, 14-июнга караган түнү "Евро-2020" турниринин тайпалык баскычында Украина курамасы Нидерландыга 3:2 эсебинде утулуп калды. Оюн Амстердам шаарындагы "Йохан Кройф Арене" стадионунда болуп өттү.
Оюндун жүрүшүндө Нидерланды курамасы 2:0 эсеби менен алдыда келе жаткан. Бирок украиналыктар өздөрүн колго алып, 5 мүнөттүн ичинде 2 гол жаратып, эсеп санын теңешти. Фаворит болгон Нидерланды курамасы 2-бөлүктүн аягында гана жеңишти өздөрүнө тартып алышты.
Беш голдун бардыгы оюндун экинчи бөлүгүндө жаралды. Комментаторлор Нидерланды - Украина беттешин "Евро-2020" турнириндеги күндүн эң көрүнүктүү беттеши деп аташты.
Нидерланды жана Украина командалары "С" тайпасында жайгашкан. Бул тайпада эки командадан тышкары Австрия жана Түндүк Македония курамалары бар.