Жалал-Абадда сууга чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагындагы Базар-Коргон суу сактагычына чөгүп кеткен 1998-жылы туулган О.А аттуу жарандын жансыз денеси Таш-Көмүр шаардык суучулдар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди", - деп жазылат маалыматта.