Буга чейин деле далай ирет демонтаж иштери жасалган... Бишкектин борборундагы баш аламан оюн кызматын көрсөтүү жайларына рейд жүрдү

Биринчи Май районунда оюн кызматын көрсөтүү боюнча стихиялуу жайларга рейд жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май акимиатынын экономика жана финансы бөлүмүнүн адистери жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте "Ала-Тоо" борбордук аянтында мыйзамсыз орнотулган жеңил объектилерди жана оюн конструкцияларын демонтаждоо боюнча кезектеги рейддик иш-чарасын өткөрдү.

"Комиссия 25ке жакын мыйзамсыз объектилерди демонтаж кылды. Акимиат бул конструкциялардын ээлерине бир нече жолу эскертүүлөрдү берген, бирок ага карабастан мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан