Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери туристтик сезонго даяр (сүрөт)

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондо эс алуучулар менен туристтер үчүн коопсуздукту камсыз кылууга милиция кызматкерлери толугу менен даяр. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жайкы туристтик сезондун ачылышы менен Ысык-Көл облусунда эс алуучулардын саны өсүүдө. Алардын негизги басымы Кыргыз өлкөсүнүн тургундары, бирок алыскы чет мамлекеттерден келген туристтер да жок эмес.

"Коронавирус пандемиясынын шартында эс алуучулардын коопсуздугун жана саламаттыгын сактоо максатында, милиция кызматкерлери иштелип чыккан алгоритмдин негизинде өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Мындай кооптуу учурда биринчи кезекте жеке эле эс алуучулардын коопсуздугу менен алектенбестен алардын саламаттыгына өзгөчө көӊүл бурулушу керек. Учурда соода-сатык түйүндөрү, коомдук тамактануу жайлары, дарыканалар жана массалык түрдө эл чогула турган мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин сакталышы текшерилип, аныкталган кемчиликтер боюнча тийиштүү эскертүүлөр берилүүдө.

Бүгүнкү күндө коомдук коопсуздукту сактоого 700гө жакын милиция кызматкери, 300дөн ашык ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү жана 55ке чукул кызматтык унаалар тартылган. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөгө 65 инспекторлордон турган 32 экипаж иштөөдө.

Туристтерге кызматтарды сапаттуу жана өз убагында көрсөтүү максатында туристтик милициясынын базасында call-центр уюштурулуп, анда чет элдик турист же эс алуучу 0705009102 номерине чалып, англис же орус тилдеринде коопсуз эс алуу, же болбосо аймакты жакшы билишпесе ал жерден кандай багыт алуу боюнча бардык керектүү маалыматтарды ала алат", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Datka7777
2021-06-15 10:01:49
Рахат журот го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан