Индиянын Мизорам штатында дүйнөдөгү эң чоң үй-бүлөнүн башчысы деп эсептелген 76 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, дүйнөдөгү эң чоң үй-бүлөсү бар болгон 76 жаштагы Зиона Чана жүрөк оорусунан улам 13-июнда каза болгон. Анын артында 39 аялы, 89 баласы жана 36 небереси калган.
Чана 1945-жылы 21-июлда төрөлгөн. Ал 17 жашында биринчи жолу өзүнөн 3 жаш улуу кызга үйлөнгөн. Чананын үй-бүлөсү "Гиннесстин рекорддор китебине" дүйнөдөгү эң чоң үй-бүлө катары кирген.
Чана жана анын үй-бүлөсү Индиянын түндүк-чыгышындагы өз Бактавнг айылына туристтерди тартып турган. Ал айылына 100 бөлмөлүү жана 17 ванна бөлмөсү бар төрт кабаттуу үй курган. Анын аялдары жатаканадагыдай жашашат. Мисалы, бир бөлмөдө 3-5 адам.