Улубек Марипов коронавируска каршы эмдөө темптерин ыкчамдатуу боюнча ишти тездетүү зарыл экендигин билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, COVID-19 илдетинин саны өсүп жаткандыгына байланыштуу кырдаал тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин күчөтүүнү талап кылууда.

"Түзүлүп жаткан кырдаал олуттуу кооптонууларды пайда кылууда. Биз өткөн жылдагыдай каатчылыкка жол бербешибиз керек. Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык абалды кармап туруу жана турукташтыруу боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги калкка тийиштүү медициналык-санитардык көмөк көрсөтүү, коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн стационардык мекемелердеги негизги жана резервдик орундардын, ошондой эле дары-дармектердин жетиштүү өлчөмүн камсыздоо маселесин өзгөчө көзөмөлдө кармоосу тийиш", - деди ал.

Улукбек Марипов коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды жеткирүү жана вакцинациялоо темптерин ыкчамдатуу боюнча ишти тездетүү зарыл экендигин баса белгиледи.

"Жакын арада өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы жана "Спутник V" вакцинасынын 80 миң дозасы келет. Тармактык мамлекеттик органдар өлкөгө вакциналардын өз учурунда жеткирилишин камсыздоо маселесин үзгүлтүксүз көзөмөлдөп туруусу тийиш. Биз үчүн калкты вакцинациялоо темпин жогорулатуу абдан маанилүү", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан