ИИМ: "Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн Орхан Инандыны издөө боюнча маалыматтар азырынча айтылбайт"

Тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам териштирүү иштери азырынча ачыкталбайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймагында Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө иш-чаралары уланып жатат. Ички иштер министринин тапшырмасы боюнча, республиканын бардык аймагында дайынсыз жоголгон Орхан Инандынын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча издөө жана иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.

"Издөө иштерине ички иштер органдарынын 1000ден ашык кызматкери тартылган. Ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык, Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө иштери азырынча ачыкталбайт", - дешти мекемеден.

Окуянын чоо-жайы:

1-июнь күнү болжол менен саат 04:20да 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.

Бул маселеге байланыштуу 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүшкөн. Жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов унаа табылганда, ичинде Орхан Инандынын баалуу буюмдары (акча, эки уюлдук телефону, документ жана башка) калганын айтып, алардын башка кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген божомолун билдирген.

Анын айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте кармап турушат деген дагы версия бар, бирок бул маалымат тактала элек.

Ал эми Октябрь райондук милициясынан бул окуя боюнча атайын тергөө тобу түзүлгөнүн, издөө жана иликтөө иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдиришкен. Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан Инандыны табууга президент Садыр Жапаров кошумча күч тартууну тапшырган.

2-июнда ИИМ бул факты боюнча "адам уурдоо" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан