Баткен облусунун Кадамжай районунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды. ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, унаанын дөңгөлөгү жарылып кеткен.
"Жаңы-Чек айылында БМВ үлгүсүндөгү жеңил унаанын дөңгөлөгү жарылып, жолдон чыгып кеткен. Унаанын ичинде 4 эркек киши болгон. Кырсыктын кесепетинен 1978-жылы туулган Өзбек жараны каза болду. Ал эми эки адам алган жаракатынан улам "Тез жардам" кызматы менен аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди", - дешти мекемеден.