"Иштебей эле селфи кылып келдиңиз" деген депутатка Улукбек Марипов: "Пиардан алыс адаммын"

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны болууда. Анда ар кандай маселелер көтөрүлүп, министрлер кабинетинин төрагасына бир катар сындар айтылды. Депутат Бактыбек Райымкулов суу маселеси чечилбей жатканын айтып, Улукбек Мариповду суу маселесин чечкени жерине барып, өзүн пиар кылып эле кайра келгенин айтты.

"Улукбек Асамидинович, сиз айтып жатасыз, эл менен жолугушуп Панфилов районуна чейин бардым деп. Барганыңызга алты-жети күн болду. Бирок бүгүнкү күндө суу маселеси чечилген жок. Сиз министрлер кабинетинин төрагасысыз, сиз бардыңыз дагы өзүңүздү бир гана селфи кылып, Фейсбукта пиар кылдыңыз. Эл айтып жатат министрлер кабинетинен чыкпай калган деп. Эмне үчүн суу маселеси чечилбей жатат?", - деди Райымкулов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баарын туура түшүнөрүн айтып, төмөндөгүдөй жооп кайтарды:

"Урматтуу Бакыт Кемелович, мен сиздин эмоцияңызды туура кабыл алам. Мен деле депутат болсом ушундай кадамга бармакмын, дыйкан болсом митингге чыкмакмын, себеби азыр суу тартыш. Мен жерине барып көрүп келдим. Пиар боюнча эл иштеп жаткан ишиңерди көргөзгүлө дегенинен маалымат кызматыбыз жасап жаткандыр. Мен дээримден пиардан алысмын, мен ишти жакшы көрөм. Менин тарбиям дагы, табиятым дагы ошондой. Мен сиз айтып жаткан жерге барып көрүп, суу чарбасынын башчысына сөгүш бердик", - деди Марипов.

Депутат болсо муну менен маселе чечилбей тургандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан