Чүйдүн Панфилов районунда 15 жаштагы Диана Гурова дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал 13-июнь күнү Кайыңды айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
"Анын бою 169 сантиметр, чачтары кыска кызыл түстө, көздөрү күрөң. Үйдөн чыгарда үстүнө кара футболка, кара жынсы шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн", - деп билдиришти облустук милициядан.
Кыздын жакындарынын божомолунда, ал иштөө үчүн Ысык-Көлгө кетиши мүмкүн.