Улукбек Марипов: "Кургакчылыктан улам тоют маселеси да кыйынчылык туудуруп жатат"

Кургакчылыктан улам тоют маселеси да кыйынчылык туудуруп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Ал азыр "Орто-Токой" суу сактагычынын секундасына 120 куб метр суу берүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин, аны сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгына токтолду. "Кургакчылыктан улам тоют маселеси да кыйынчылык туудуруп жатат. Тоюттун экспортуна тыюу салынат. Ал эми малды тирүүлөй сыртка сатууга жакында уруксат берилет. Мен ушул күндөрү Чүй облусунун Панфилов жана Жайыл районундарындагы фермерлердин абалы менен таанышып келдим. Жергиликтүү адистер менен бирге мурда иштебей калган жер алдынан суу чыгаруучу 100 насосту ишке киргизели деген чечимге келдик", - деди Улукбек Марипов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан