Султан Садыралиев: "Досторум" деген ырым чыккандан кийин "мен кайсы жериндемин?" деп чалгандар көп"

Ар бир аткарган чыгармасы элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан белгилүү ырчы Султан Садыралиевдин жакында эле "Досторум" деген ыры жарык көрүп, айрыкча мырзалардын сүйүп уккан чыгармасына айланды. Ырчы мырза бул ыры боюнча бизге маек берип жатып төмөнкүлөргө токтолду.

"Ыр чыккандан кийин калп айтпасам, 20 чакты досум чалып "мен кайсы жериндемин?" деп сурашты. Менин да жообум даяр "өзүң таап ал, кайсы жери жаккан болсо ошол жериндесиң" деп коём (ред. күлүп). Чынында ар кандай достор бар. Ал эми ырдын жаралуу тарыхына токтолсом, обону өзүмдүкү. Сөзүн достор менен студияда отуруп эле жараткандай болдук, "сенде кандай дос бар?" деп бири-бирибизден сурап жатып жаралып калды. Текстти акын Жылдызбек Турсунбаев агабызга көрсөтүп, дагы сөздөрдү коштурдум. Жакшы достор көп болсун", - дейт Садыралиев.

Султан Садыралиев чыгармачылыгы, анын бир кездеги күйөрмандары, үй-бүлөсү, жубайына болгон мамилеси, деги эле жашоонун маңызы тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

Султан Садыралиев: “Жан дүйнөлүк кризиске кабылып көргөн жан эмесмин”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан