реклама
super.kg logo

Жогорку Соттун төрайымы Жети-Өгүз райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты

 
19-июнда Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти

Жети-Өгүз райондук сотунда үч судья, он төрт аппарат кызматкерлери, сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн беш кызматкери жана сот приставдар бөлүмүнүн бир улук сот приставы эмгектенишет.

Жети-Өгүз райондук сотунда бир соттук отурум залы бар жана учурда сотто автоматташтырылган маалымат тутуму менен иштерди автоматтык бөлүштүрүү системасы ийгиликтүү иштеп келет.

Нургүл Бакирова кызматкерлер менен жакындан таанышып, аларга бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалап, судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин көңүлүн эмгек тартипти бекем сактоого, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатууга буруп, кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдардын талаптарын так аткарууга, сотко кайрылган адамдарга сылык мамиле кылууга чакырды. "Сот тутумунун коом ичиндеги аброюн жогорулатуу үчүн ар бириңиздердин жардамыңыздар керек. Жарандарга сылык мамиле кылып, ийкемдүү болсоңуздар жана мыйзам чегинде гана иштесеңиздер сотко болгон ишеним да артат", — деди төрайым Жети-Өгүз райондук сотунун аппарат кызматкерлери менен болгон жолугушуусунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
172738;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: