"Барселона" футболдук клубунун франциялык чабуулчусу Усман Дембеле "Евро-2020" турнириндеги мындан аркы оюндарда ойнобойт. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, чабуулчу тизесинен алган жаракатынан улам жок дегенде үч жума ойной албасы белгилүү болгондон кийин, улуттук курамадан кеткен. Ошентип Дембеле Европа чемпиондугунун мындан аркы оюндарына катыша албайт. Ал "Евро-2020" турниринде 2 оюнга катышып, эч кандай голдук пас чыгарып бере алган эмес.
Франция өлүм тайпасы аталган "F" тайпасында Германия, Португалия жана Венгрия менен жайгашкан. Экинчи турдук оюндан кийин Франция 4 упайы менен тайпада биринчи орунда келе жатат.