Бүгүн, 22-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 915 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 22-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 915 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 478 метр куб, агып чыгышы 428 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 21-июнда суу сактагычта 10 миллиард 910 миллион метр куб суу бар болчу.