Баткен облусунда унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнда саат 3:21 чамасында Ош-Баткен-Исфана жолунун Кызыл-Кыя шаарында Дэу Нексия үлгүсүндөгү жеңил унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Өрткө куткаруучулардан 1 бөлүм тартылып, саат 3:37де өрт курчоого алынып, саат 3:46да толук өчүрүлдү. Унаанын алдыңкы кыймылдаткыч бөлүгү жана салону өрттөнгөн. Унаанын ичинде эч ким болгон эмес. Учурда кимге таандык экендиги жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп маалымдашты ӨКМнын басма сөз кызматынан.