Чүйдө окуучу кыздын өлтүрүлүшү. Министрликтин кызматкерлери Кеминге барышты

Чүйдүн Кемин районунда 16 жаштагы кыз киши колдуу каза болгон. Аталган окуяга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери Кемин районуна барышты. Анда райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Түлөбаева №1 орто мектептин директору, социалдык педагог жана класс жетекчиси менен жолугушуп, 9-класстын бүтүрүүчүсү Х.О.нун өлүмү боюнча сүйлөштү.
Мекемеден кабарлашкандай, жолугушууга милиция кызматкерлери да катышышты. Алар фактылар жана тергөөнүн жүрүшү, ошондой эле коопсуздук жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралар тууралуу айтып беришти.
"Ички иштер органдарынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жашы жете электерге карата ушул кылмыш боюнча өз ара аракеттенүү маселелери, кыздын үй-бүлөсүнө жана социалдык абалына тиешелүү маселелер талкууланды.
Азыркы учурда мугалимдер, ушул мектептин жана райондун педагогикалык коомчулугу тарабынан каза болгон кыздын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүлүүдө", - дешти министрликтен.

Окуянын чоо-жайы:

21-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамасында Кемин районунун аймагындагы токойлордун биринен кыздын жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анын киши колдуу каза болгондугу аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмыш ишине шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган жаран кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүдө, ошол күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында каза болгон кыз апасына чалуу үчүн кошунасынын телефонун сурап, андан кийин акча сураган учурда шектүү кызга тийишип, денесин кармалап баштаган. Ал маалда кыз кыйкырып баштаганда коркуп кеткен шектүү кызды муунтуп, кийин башка кошунасынын унаасын сурап, жансыз денени жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан