Дүйшөнбек Зилалиевге буга чейин чыгарылган өкүмдөр жокко чыкты

Жогорку Сот мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Жаза ишин жокко чыгарууга алып келген процесстик мыйзам бузууларга байланыштуу кылмыш иши соттун башка курамында, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жаңы кароого жөнөтүлдү", - деп жазылат билдирүүдө.

Окуянын чоо-жайы:

Дүйшөнбек Зилалиевге карата "мыйзамсыз байыган" деген айып менен кылмыш иши козголуп, ал 7-декабрда кармалган. Ошол эле күнү сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. УКМК Зилалиевден декларациясына киргизилбеген 889 миң 900 доллар акча табылып, ал акча коммерциялык банктардын биринде 2018-жылдын сентябрына чейин сакталганын айтып чыккан.

УКМК тараткан видеодо банктагы ячейкалардын биринен Зилалиевдики делинип 889 миң 900 доллар алынып жаткандыгы көрсөтүлөт. Бул видео боюнча “Оптима банк” билдирүү жарыялаган. Аталган банк ал видео бир жыл мурун банктын кызматкерлери тарабынан тартылганын билдирген. Ячейканы ачууга кардардын ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандыгы себеп болуп, акча жана аны ячейкадан чыгаруу учурунда тартылган видео ээсине өткөрүп берилгенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
IOA
2021-06-23 19:58:57
Монгунун талканышына куноолуу бул. Жооп берсин
+4
Belek1710
2021-06-23 21:06:15
Банктагы ячейкадагы акчалар кайдан келип чыкты?
+5
Shabi
2021-06-23 22:07:43
Уйунон пачка пачка акча табылган ушулбу.азыр мамлекетти колундан келишинче тоно же байы.анан соттолуп мамлекеттен жеген акчандын 10процентин сотторго берип кутулуп кетесин деген тушунук кире баштады окшойт уже
+4
zhaynak
2021-06-24 04:38:30
Жокко чыкпаптыр кыжаалат болбогула. Башкадан тергейт экен, бул пока чыкпайт го менимче
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан