Парламент жер участокторун трансформациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды

23-июнда парламент жер участокторун трансформациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси министрлер кабинети.

Маалыматка ылайык, мыйзам күчүнө киргенге чейин жеке турак жайлар курган жерлерди өткөрүп берүүдө айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана жоготулган пайданын суммалары төлөнбөйт деп айтылат. Инфраструктураны камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдарды өткөрүп берилген (трансформациялануучу) менчик жер участокторунун ээси көтөрөт.

Талкуу жүрүшүндө мыйзам долбоору канча жер аянтын камтый тургандыгы тууралуу суроолор берилди.

Министрлер кабинетинин өкүлү 1645,9 гектар жер каралып жатканын маалымдады.

Ошондой эле депутат Аалы Карашевдин “Мындан ары жерлерди трансформациялоо маселеси токтойбу?” деген суроосуна министрлер кабинетинин өкүлү “буюрса бүттү” деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munarbek.92
2021-06-24 14:35:12
Биз эмнени алабыз токтосо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан