"Рахман Разыковду акыркы сапарга узатуу тар чөйрөдө өтпөш керек эле" дейт Абдылда Иманкулов

Көп кырдуу талант, жазуучу, сатирик, куудул, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Рахман Разыков 7-июнда коронавирус илдетинен улам дүйнөдөн кайтты. Күлкү чачкан, элди чындыкты көргөнгө чакырган, куудулдар театрынын түзүүчүлөрүнүн бири болгон көрүнүктүү инсаныбыз 66 жашында акка моюн сунду.

Артында 3 уул, 3 кызы, жубайы калды. Эл күлкү тартуулаган гана куудулду билсе, жакындары ичиндеги сырларын, айтылбай калган ойлорун, сезимдерин, кыялдарын билишет эле. Алардын бири 37 жылдан бери жакын дос болуп келген куудул Абдылда Иманкулов студиябызга келип, досу туурасында айтып эскерди. Өз сөзүндө ал "Рахманды акыркы сапарга узатуу тар чөйрөдө өтпөш керек эле" дейт. Толугу менен видеодон көрүңүз.

“Рахман көп куудулдарды тарбиялады, азабын тартты” дейт Абдылда Иманкулов
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tyty1990
2021-06-24 19:53:26
Агай жакшы адам эле
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан