Ашхабадда Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президентинин расмий жолугушуу аземи болду

Бүгүн, 28-июнда Ашхабад шаарында президент Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаровду коштогон кортеж Ашхабад шаарынын Эгемендүүлүк аянтына келип, аны Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов тосуп алды.

Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин Кыргыз мамлекети менен Түркмөнстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Эки өлкөнүн лидерлери Ардактуу кароол ротасын бойлой басып, өз өлкөлөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Аскер оркестринин маршы менен Ардактуу кароол ротасы мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу өтүштү.

Андан соң президент Садыр Жапаров автоунаа менен атчандар эскортунун коштоосунда "Огузхан" сарайына багыт алды.

Бул жерде мамлекет башчылары сүрөткө түшкөндөн кийин, тет-а-тет форматында сүйлөшүүгө киришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Real98
2021-06-28 10:50:08
Талкууну ачык кылып койсоңор болот экенго... Без толк эле бара береби Түркмөнстанга?!
+7
patriot.kg94
2021-06-28 11:38:40
Real98, кандай без толк? Не эс алганы барыптырбы тушундуруп койсон, без толк дегенине
-5
Real98
2021-06-28 12:48:15
patriot.kg94,Без толк дегеним,канчалаган өнүккөн өлкөлөр бар, ошолорго барып инвестор тартып келсе болбойбу? Түркмөнстан өзүн өзү араң багып жүрөт нефть менен, эмне пайда алардан?
+1
Shabi
2021-06-28 13:43:07
Real98,туура бул туркмен президенти,оз элине кыйратып жакшылык жазабаган,кыргызстанга жакшылык жазамак беле дейм да
+1
Tursunbaev1978
2021-06-28 13:19:22
Real98,Менимче газ сүйлөшконү барды бир болсо
-1
mira28
2021-06-28 11:58:24
Бечара Жапаров,ар олкого чуркап эле калды.Тажиктерге бут баспайбыз деп жатып аларга да барууга мажбур болгонго.
+4
Tariel_tt
2021-06-28 12:13:28
Ахалтекин менен алабай ала келсе экен.
+2
Jaka1978
2021-06-28 12:16:22
Жер-сууну кыдырып эле,жыргап жүрөт,иш чечип келсе болду
+3
Dembele84
2021-06-28 13:49:14
Бугун тажиктерге барып бир нерсени балп этире койбосо болду бул киши!
+2
Aybiyke
2021-06-28 14:39:11
Текебаев айткандай Туркменстанга айланабыз дегендей опыт алганы барса кк
0
Mylatka..
2021-06-28 14:58:52
сындап бул жерде олтуруп жазуу оңой бирок иш жүзүндө иш жасамак тургай ,жаныңдагы адамга кээде туура сүйлөй албайбайсың...
-1
Omyke
2021-06-28 17:06:35
Гурбангулыдан Мастер класс уйлонону бардыго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан