Бишкекте белгисиз айдоочу коляскадагы бөбөктү сүзүп, качып кетти
Белгисиз айдоочу Бишкектеги Дэн Сяопин проспектиси менен чыгышты көздөй баратып "Ак сарай" дүкөнүнүн жанынан коляскадагы бөбөктү сүзүп кетти. Окуя 29-октябрда 12:00дөрдө болгон. Жол кырсыгынын натыйжасында 1 жашар баланын мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген. Учурда жашырынып кеткен айдоочунун өздүгүн тактоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.