Бүгүн, 30-июнда Ак Үйдүн алдында сөз эркиндигин колдоо тынчтык митинги өтүүдө. Ага укук коргоочу Рита Карасартова жана жарандык активисттер катышууда.
Алар колдоруна "Биз сабиз жана палоосуз жашай алабыз, бирок сөз эркиндигине тийбегиле" деп жазылган плакаттарды дагы көрүүгө болот.
"Бул мыйзамды депутаттар эс алууга кеткиче кабыл алууга аракет кылып жатышат. Бул мыйзамдын маңызы өзүнүн оюн айткан блогерлерди, жарандык активисттердин, журналисттердин оозун жабуу. Аларды күч органдары улам-улам суракка деп жарым жыл чакырып, ошол учурда өз оюн айткандардын оозун жаап, аягында мыйзам бузбаптыр деп коюшат", - дейт Рита Карасартова.
Учурда митинг уланууда.