Газга болгон дүйнөлүк баа өсүүдө. Кыргыз өлкөсүндө абал кандай?

Инфляция бул жылы рекорддорду коюуда. Бардык нерсе кымбаттоодо, мындай көрүнүш бир гана бизде эмес. Жаз мезгилинен баштап газга болгон баа да өсүп, акыркы он жылдыктагы максималдуу баадан ашып кетти. Газга болгон тарифтер кошуна өлкөлөрдө дагы жогорулай баштады – бул чоң тынчсызданууну жаратууда.

SUPER.KG порталы жаратылыш газына болгон баа эмне себептен, кайсы аймактарда өсүп жаткандыгын жана бул жагдай Кыргыз өлкөсүнө кандай таасирин тийгизерин талдап көрдү.

Көп жылдык рекорддорду басып өтүү

TTF Европалык хабында (Нидерланды) 19-июнга карата газдын баасы 13 жылдык максимумга жетти, тагыраагы, 1 миң куб метр газ 414 долларды түздү. Бир жылдык колдонуу көлөмү 175 миллиард куб метрди түзөт.

"2020-жылдын жай мезгилинен бери газга болгон баа орточо алты эсеге өстү".

"Коммерсант" басылмасына жарыяланган маалыматта Европадагы газдын баасы жай мезгилине карабастан максималдуу деңгээлинде кармалып турат. Бул негизги камсыздоочу болуп саналган Орусия менен Норвегиянын төмөнкү сунушу жана суюлтулган жаратылыш газын (СЖГ) жеткирүү көлөмүнүн азайышы менен байланыштуу.

"Европалык сатып алуучулар суюлтулган жаратылыш газга болгон атаандаштыкта Азиядагы колдонуучулардан утулуп жатышат.

Негизги европалык TTF газ хабындагы споттук баалар 2018-жылдагы максимум деңгээлге жетип, 1 миң куб метри үчүн 400 доллардан ашты жана баанын төмөндөө белгилери байкалган жок. Мындай кымбат баалар Европадагы газ рыногу үчүн мүнөздүү эмес жана бир аз туруктуу баалар 2011-2014-жылдары байкалган. Анда мунайдын баасы 1 баррели үчүн 100 долларды түзгөн убакытка туура келет", - деп айтылат маалыматта.

Батыш Европа өлкөлөрү жаратылыш газын жеткирүү көлөмүн көбөйтө алышпайт. Себеби, Азия өлкөлөрү өндүрүүчүлөргө андан да жогору бааны сунуштап жатышат.

"Январь-май айларында Европа өлкөлөрү 37 миллион тонна суюлтулган газды импорттошкон, башкача айтканда, дүйнөлүк колдонуу көлөмүн 23 пайызын түзгөн. Бир жыл мурун бул көрсөткүч 45 миллион тоннаны же 29 пайызды түзгөн", - деп кошумчалады "Vygon Consulting" талдоочусу Иван Тимонин.

"Сколково" Москва башкаруу мектебинин өкүлү Сергей Капитоновдун божомолунда, учурда Азиядагы баа конъюнктурасынын алкагында европалык рынокту кошумча алсыздатуу менен газ мындан көбүрөөк сатылышы мүмкүн. Капитонов маалымдагандай, май айында Кытай 7 миллион тоннадан ашык жаратылыш газын импорттогон – бул жылдын ушул мезгили үчүн рекорд болуп саналат.

"Суюлтулган жаратылыш газды азиялык колдонуучуларынын активдүүлүгү жана учурдагы баалар жылдын аягына чейин газга болгон суроо-талап Азияда жогору болорун билдирет", - деп эсептейт Капитонов.

Коңшу өлкөлөрдө газ кымбаттоодо

Кошуна мамлекеттерде жана ЕАЭБ биримдигинин мүчөлүгүнө кирген өлкөлөрдө абал жыргатарлык эмес. Мисалы, Европага газды жеткирүүдө Орусиянын жакынкы үзөңгүлөшү, стратегиялык өнөктөшү болуп саналаган Беларусь мамлекети үчүн эч кандай деле жеңилдиктер каралган эмес.

"2021-жылы Беларусь мамлекети үчүн 1 миң куб метр газдын баасы 128,5 долларды түздү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу бир аз жогору. Ошол эле учурда бул өлкөдөгү жаратылыш газынын бир жылдык колдонуу көлөмү 20 миллиард куб метрден ашык".

Казакстандын Энергетика министрлиги 2021-жылдын 1-июлунан 2022-жылдын 30-июнунан чейин ички рыноктогу газды дүңүнөн сатуунун чектик баасын бекитти. Баалар орточо эсеп менен аймактарга жараша 11 пайызга өстү. Аталган министрликтен маалымдашкандай, республиканын газ менен камсыз кылуудагы ички магистралдык газ өткөргүчтөрү өзүнүн ресурсун актап койгон жана изилдөө иштеринин жыйынтыгы менен көптөгөн дефекттер аныкталган.

2015-2020-жылдар аралыгында улуттук оператордун ички рынокту субсидиялоо чыгымдарынын суммасы орточо 425 миллиард теңгени түзгөн.

"Ички рыноктогу газдын акыркы баасын кармап туруу үчүн "КазТрансГаз" акционердик коому жыл сайын экспорттун эсебинен өклөнүн ички рыногун субсидиялайт. Ар кайсы облустарда бекитилген дүң баа өздүк нарктан 1,5-2,5 эсе төмөн", - деп маалымдаган коңшу өлкөнүн министрлиги.

Газдын баасы Орусияда дагы өсүүдө

1-июлдан тарта Орусияда тарифтер жогорулап, газ 3 пайызга кымбаттады. Өлкөнүн түштүгүндө 1000 куб метр газдын баасы 71 долларга жетти. Бул Газпром тарабынан Орусиянын керектөөчүлөрүнө жеткирилген жаратылыш газынын жөнгө салынган дүң баасы.

Мындай нарк көз карандысыз өндүрүүчүлөр камсыздап жаткан газдын баасына да таасир этиши мүмкүн. Анткени алардын баалары Газпромдун жөнгө салынган баасына ылайык коюлат.

Кыргыз өлкөсүн эмне күтүп жатат?

"Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяровдун маалыматына ылайык, жаратылыш газын сатып алуу баасы азырынча өзгөрө элек. 2016-жылдан бери республиканын чек арасында газдын 1 миң куб метрин сатып алуу баасы 150 долларды түзөт.

Кыргыз жергесиндги бир жылдык жаратылыш газын колдонуу көлөмү 280-300 миллион куб метрди түзөт.

Бул көрсөткүч ошол эле Беларусь мамлекетинин же Европа өлкөлөрүнүн көрсөткүчүнөн төмөн. Ал эми дүйнөлүк баалардын өсүшү менен мамлекетибиздеги тарифтер кымбаттайт деген маселени кыргызстандыктар ойлонбой деле коюшса болот.

"Бүгүнкү күндө абоненттер үчүн тарифтин жогору же төмөн болушу бир эле сомдун долларга болгон расмий курсунун өзгөрүшү менен гана байланыштуу", - деп маалымдады Арзымат Алдаяров.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан