Кыргыз-Тажик чек арасындагы атышуудан 27 жаштагы сержант каза болду

Кыргыз-Тажик чек арачыларынын ортосундагы ок атышуудан 27 жаштагы Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Чек ара кызматынын аскер кызматкери, сержант Хуснидин Хожиев ок атышуунун кесепетинен көз жумду. Ал 1994-жылы туулган.

"Учурда анын өлүмү боюнча териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат. Алдын ала маалыматка ылайык, Тажик тараптан дагы каза болгондор жана жаракат алгандар бар. Ок атышуу орун алган жерде Чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери иш алып барышууда. Эки тараптын чек ара өкүлдөрү бул факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - дешти мекемеден.

8-июль күнү саат 17:00 чамасында Кыргыз-Тажик чек арасында эки тараптын чек арачыларынын арасында ок атышуу болгон. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын атчандардын чек ара отряды Чашмагил ашуусунан күтүүсүздөн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кол салуусуна дуушар болду. Аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу болгон.

Архив
Комментарийлер (20)
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-07-09 09:03:50
ушу силердин иш алып барып жатат дегенинерден пайда чыкпайт
+20
Rifle_I
2021-07-09 13:18:45
Nurgazy.kanykei.abuw,табалап отурбай, баарыбыз бирбиз азыр. Ташиев, Жапаров, сен мен жана башка кыргыз эр азаматтары бир муштумбуз. Бийлик дагы жөн чечишип алалы деп чуркап жатат. Согуш эң акыркы кадам.
+1
aslonur
2021-07-09 09:04:34
Бирден бирден кырылып кетебизби дейм чек ара такталганга чейин, тажиктер адам болбос айбан экен, жакындарына сабыр берсин
+16
Dftyhbv
2021-07-09 09:14:25
Дагы кайсы эненин шору куруду ушинтип аскер кызматкерлери кырыла берсе ким баласын аскерге жонотот менин чон уулум аскерде дагы уулум жетилип турат заман ушундай болсо мен наркы экоосун жонотпоймун
+14
JaneEr
2021-07-09 09:39:27
Иш алып бара берет,жыйынтык жок.Ар айда атышуу,олум.Жоопко тартылган эч ким жок.Умутум узулду бул бийликтен дагы.
+14
Dembele84
2021-07-09 09:43:24
Бийликтин колунан коконо келбейт.Только элди алдамайга отуп алышты!
+15
Nina.alex
2021-07-09 09:49:03
Dembele84,эн туура. Мунуна кошулам
+10
Nina.alex
2021-07-09 09:48:37
Ото окунучтуу. Кечээ Ташиев купулдоп суйлоп атпады беле антебиз минтебиз кыйратабыз деп. Оз жеринде олот деген эмне деген шумдук
+10
Rifle_I
2021-07-09 09:51:21
Тажиктер менен сүйлөшүп чечүү мүмкүн эмес экен. Кокусунан кол салуу деген бул атайын даярданып засада кылган. Жөн эле бараткан солдатты атышыптыр да тажиктер.
+12
Mirnar
2021-07-09 10:05:00
Тажиктер адам болбойт. Мээни иштетип чек араны чечиш керек, десем талап жатып калгандар : Чек ара чечилбесе куноосуз жараандарыбыз шейит кете берет.чондор катуу киришип алкымын тыйып, ушул маселени чечиши зарыл!
+14
Shabi
2021-07-09 10:28:19
Улуу урматту с.жапаров к.ташиев сиздерге ишенебиз, только ДАКАНСА.деген дакансалар жоксунар го.улуу урматту нуркожоевич чек араны тезирээк чечип бер деп деле кайрылып койгулачы
+9
Nursultan.92
2021-07-09 11:02:18
Ушул тажиктер жаман тойгоздунар, турнике расса ойнодунар бирок
+7
bond02
2021-07-09 11:37:54
Ташиев тажиктерге жардам беребиз дейт го таллибандар менен курошууго, анын акыл эси жайында элеби?
+3
Rifle_I
2021-07-09 13:20:14
bond02,
Бул жөн гана сөз. Путиндин сунушун четке какпай макул деп койду. Талибандар согуш ача турган болсо биздин жоокерлер биздир чек арада гана болушат. Тажиктерге кирип барып, аларга жардам бербейт.
+7
nurik73
2021-07-09 11:44:14
булардын иш алпарып элди алдаганы конумуш адатга айланды.
+7
aslonur
2021-07-09 12:04:56
2 солдат пленде экенго неге жазбайсынар аны
+6
modem4999
2021-07-09 12:16:25
Кайра Атамбаевди эле алып келиш керек
-14
Malik92
2021-07-09 12:43:04
modem4999, Уйуно шайлап ал президент кылып.
+8
modem4999
2021-07-09 13:48:41
Malik92, Атамбаевдин кошуналар менен кандай тен ата суйлошконун интернеттен таап окусан болот
+3
Nina.alex
2021-07-09 15:01:11
Malik92,малика койчу сестра
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА