SUPER.KG порталында “Эх, досум!” долбоору старт алды. Анын алгачкы коноктору ырчылар Темир Дамирбеков жана Нияз Абдразаков болушту. Алар 6-7 жылдан бери чыгармачылыктагы мыкты достордун катарын толуктап келишет. Достук туурасында кеп куруп, бирин-бири канчалык деңгээлде жакшы билерин оюн аркылуу сынап көрдүк.