Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жалпы 14 даттануу арызы түштү. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда аталган комиссиянын төрагасы Айбек Стамов билдирди.
Стамовдун айтымында, бул арыздар 27-майдан бери түшкөн. Анын 8и үгүт иштериндеги бузуулар боюнча болгон. Бардык арыздар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан каралган.
Учурда Бишкекте, Ошто, Токмокто кайра шайлоо өтүп жатат.