реклама
super.kg logo

"Ички органдары жакында эле көз жумгандай сакталган". Эң жакшы сакталып калган мумиялардын бири кимге таандык?

 

Мумия - атайын кошулмалардын негизинде жасалган суюктук менен бальзамдалып сакталган дене.

Бүгүнкү күнгө чейин жакшы сакталып келген мумиялардын бири кытайлык бай аял Синь Чжуйга таандык. Ал болжол менен биздин заманга чейинки 160-жылдары 50 жашында каза болгон. Анын мумиясы салынган табытты 1971-жылы аскердик окуу учурунда табышкан.

Ал коомдун ошол убактагы элита катмарына кирген үй-бүлөдөн болгон. Окумуштуулардын айтымында, Синь Чжуй гедонист (жашоодон ырахат алып жашоо) болгон. Мындай жашоо образы анын өлүмүнүн башкы себепкери болгон дешет. Себеби ал даамдуу тамак жегенди жакшы көрчү, күн сайын ар түркүн тамактарды жеп, бай болгондуктан дээрлик жумуш кылган эмес, аз кыймылдап, көп тамак жеген үчүн эрте көз жумган деген божомолдор айтылат. Ал 50 жашында 130 килограмм болгон, бою болсо 152 сантиметрди түзгөн. Ошондой эле окумуштуулар аз кыймыл жана оор салмагы анын омурткасында көйгөйлөрдү жараткандыгын айтышкан.

Синь Чжуйду баалуу буюмдары менен кошо көмүшкен. Анын табытынын ичинде өзү колдонгон буюмдары болгон. Анын табытынын жанынан жолдошунун жана уулунун да табыты табылган, бирок алардын табытындагы баалуу буюмдарды тоноп кетишкен.

Анын денеси ушул күнгө чейин жакшы сакталганы окумуштууларды бүгүнкү күнгө чейин таң калтырып келет. Маркумдун денеси жумшак бойдон калган, ал эми кан тамырынан кан табылган, ошондой эле муундары кыймылга келүү жөндөмдүүлүгүнөн ажыраган эмес, эң таң калычтуусу анын ички органдары жакында эле көз жумган адамдардыкындай сакталган.

Мумия сакталган саркофагда (табыт) саргыч суюктук болгон. Бирок табыт ачылары менен ал суюктук абага сиңип кеткен. Мындан улам мумия кандай суюктук менен сакталып келгени окумуштууларга табышмак бойдон калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
15.07.2021. 18:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
03-01-2021
Соӊку аракети:
24-07-2021 18:13
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай суюктук экен изилдешиш кк да,эмне себептен комушкон эмес бай болгон учунбу,же жер албай койгонбу.
16.07.2021. 01:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
24-07-2021 14:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Мумия тилге келип, окумуштууларга баарын айтып бергендей эле айтып ташташыптыр го
16.07.2021. 08:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
180
Катталган:
22-03-2007
Соӊку аракети:
24-07-2021 14:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабат
0
Кысыып эле жүрбөйбү бул кытайлар, жакында дагы атың өчкүр ооруну таап чыгышат бул акмактар. Телефон тиктеген боюнча калган Зомби деген ооруну .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
172710;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: