Актёр Самат Эркинбеков: "Эми батирде эмес, өз үйүбүздө турабыз"

Актёр, тамашоучу, вайнер жана ырчы Самат Эркинбеков кезектеги конок төрүбүздөн орун алып, акыркы жакшы жаңылыктары менен бөлүштү. Мисалы, ал учурда "Шерине" аталышындагы сериалга тартылып, "Жора Гуля" кинокомедиясынын экинчисин тартканы жатат. Мындан сырткары ал "уулдуу болгондон кийин жашоом жакшы нукка бурулду, ишим жүрүшүп баштады. Материалдык жактан жолум болуп, акча чогулта алдым. 2 жыл ичинде чогулткан тыйыныма жакында үй алдык, эми батирде эмес, өз үйүбүздө турабыз", - дейт ал.

Маек менен кошо каарманым менен оюн ойноп көрдүк.

1. Бир миллиард сом таап алсаң...

2. Моника Беллучи сүйлөшкөн кызың болсо...

3. Бишкектин мэри болсоң...

4. Голливуддан башкы ролго чакырса...

5. 25 балаң болсо...

6. Камчыбек Ташиев болсоң...

"Эмне кылмаксың?" суроолоруна күлкүлүү жооп берди. Толугу менен видеодон көрүңүз.

"Балалуу болгондон кийин мамилебиз жаңы үйлөнгөн жубайлардай болуп калды" - дейт Самат Эркинбеков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан