реклама
super.kg logo

Сел ташкынынан кийинки Баткендеги турак үйлөрдүн абалы сүрөттөрдө

 

Бир күн мурда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен облусунун Лейлек районундагы бир нече айылдарда сел жүргөн. Лейлек айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек Жапаров сел суулары каптаган, зыянга учураган турак үйлөрдүн сүрөттөрү менен бөлүштү. Андан ылай аралашкан суу бөлмөлөрдү каптаганын, короонун алдына шагыл аралаш топурак топтолуп калганын көрүүгө болот.

Кечээ, 19-июлда саат 17:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Козу-Баглан, Катраң, Лейлек, Тогуз-Булак, Айкөл айылдарында жана Исфана шаарынын Голбо, Чымген айылдарында сел жүргөнү маалымдалган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Ак-Терек айылында 25 турак үй, 1 мектеп, 1 бала бакча жана 1 мечиттин короосу, ички чарбалык унаа жолдор зыянга учураганын кабарлашты. Бүгүнкү күндө селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.07.2021. 21:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
23-10-2020
Соӊку аракети:
24-07-2021 16:29
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллахым озун сактай кор биз куноокор пенделеринди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
172710;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: