Москвадагы мигранттардын массалык мушташынан кийин борбор калаанын полициясы күн сайын Борбор Азия өлкөлөрүнүн ондогон жарандарын каттоого алууда. Москванын ар бир районунда күнүнө 10 адамдан кармалууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Чуулгандуу окуядан кийин Москванын полициясы бардык эмгек мигранттарын текшерүүнү чечкен.
"Эми патрулдук же райондук милиция кызматкери Борбор Азиядан келген конокторду каттоодон өткөрүп турушат. Аларды сүрөткө тартып, манжа издерин алып, маалымат базасына киргизет", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөн ашуун мигрант массалык мушташ уюштурушканы маалымдалган.
Ал эми окуя тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, анда мушташтын себептери тууралуу айтылган кептер чындыкка дал келбейт деген.
Андан кийин мушташ кыздардын айынан келип чыккандыгын орусиялык басылмалар жазып чыгышкан.