"Каарман оор күндөрдү башынан өткөргөн". Сагын Эргешов жаңы тартылган клиби жөнүндө айтып берди

Жаш ырчылардын арасынан суурулуп чыгып көп талкууга, ошол эле учурда мактоолорго да татып, ырлары хит болуп жаткан Сагын Эргешов сөзү, обону Жоодарбешимге таандык "Сүйөмүн сени" жаңы чыгармасынын клибин элге тартуулайт. Клип 10 күн ичинде Орусиянын Москва, Сочи шаарларында тартылып, жалпысынан 250 миң сом коротулган. Башкы ролду телеалыпбаруучу Айдана Жаныбекова жана анын жигитинин ролун аткарган ырчы Сагын Эргешовдун досу Дастан.

"Айдана Жаныбекованын тагдырынан алынган клип болду. Ал чынында эле оор сыноону башынан өткөрдү. Биз дос болгондуктан ал күндөрдө да жанында болуп, баарын билебиз. Тагыраак айтканда, анын бөйрөгүн алмаштырыш керек болуп ооруп калганда Түркияга барып бир тууган байкеси бөйрөгүн өткөрүп берген. Клипте байкесин сүйгөн жигитине алмаштырып койдук. Чыныгы жашоосунан ошол күндөрдү өткөргөн киши катары Айдана жакшы ойноп берет деп атайын Кыргыз өлкөсүнөн Сочиге чакырдым. Эң башкысы, учурда дос кызымдын абалы жакшы, дарыгерлер да баары жакшы деп жатышат", - дейт Сагын Эргешов.

Сүйөмүн сени
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina90
2021-07-22 17:32:09
Өтө эле обу жок бабник окшойт.Кыздарга окшоп кылыктанып.
+1
Real98
2021-07-22 22:01:00
Лаззат биринчи сүрөттү көрүп ичип кетпесе экен.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан