УКМК тарабынан кармалган Исхак Пирматов үй камагына чыгарылды

УКМК тарабынан кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал эч жакка кетпөө боюнча тил каттын негизинде камактан чыгарылган.

"Пирматов өлкөдөн жана туруктуу же убактылуу жашаган жеринен тергөөчү менен соттун уруксаты жок кетпөө боюнча тил кат жазып берди. Ал ошондой эле тергөө менен кызматташтык кылууга Башкы прокуратуранын прокурору менен келишим түзгөн. Ошондой эле чакырган маалда келип турууга милдеттендирилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан